Түрк куралдуу күчтөрнүн операциясы
Лижеде алгачкы аныктоолорго караганда 2 террорист өлтүрүлдү.
743682
Түрк куралдуу күчтөрүнүн Шырнак жана Диярбакыр элетинде ПКК жикчил террордук уюмга карата жасалган абадан операцияда 2 террорист өлтүрүлдү. Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта Диярбакырдын Лиже районунун элети менен Шырнактын Икиякалар аймагында кол салууга даярданып жаткан террористтерге карата абадан колдоо берилген операциянын жүргүзүлгөндүгү билдирилди.
Лижеде алгачкы аныктоолорго караганда 2 террорист өлтүрүлдү. Операцияда Лижеде террордук уюмга таандык бир баш калкалоо аянты, Шырнак Икиякаларда болсо бир үңкүр менен курал буктурмасы жардырылды.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.