Ички иштер министрлиги террордук операциялар тууралуу маалымат берди

22 – 29 -  май күндөрү террордук уюм менен күрөшүүнүн негизинде коопсуздук күчтөрү тарабынан 483 операция жүргүзүлдү.

741279
Ички иштер министрлиги террордук операциялар тууралуу маалымат берди

Жалпы өлкөдө акыркы бир жумада жүргүзүлгөн террор операцияларында 54 террорист таасирсиз абалга алып келинди.  Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда 22 – 29 -  май күндөрү террордук уюм менен күрөшүүнүн негизинде коопсуздук күчтөрү тарабынан 483 операция жүргүзүлдү.

Операцияларда Фетуллахчы террордук уюм, параллель мамлекеттик түзүмү менен байланышы болгон 1128, террордук уюм ДЕАШ менен байланышы болгон 43, солчул террордук уюм менен байлынышы болгон 23 киши камоого алынды.

ПКК жикчил террордук уюмга жардам берди деген негиз менен 170 киши тууралуу камоо чечими чыгарылып, 46сы өлүү 8 террорист багынуу менен 54 террорист таасирсиз абалга алып келинди.

Кибердик кылмыштар менен күрөшүүнүн негизинде 342 социалдык медиа эсеби тууралуу иш алып барылды. Аныкталган 132 кишиден 55 кишинин камоого алынгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар