Түндүк Корея баллистикалык ракета сыноосунан улам эскертилди

Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши, Түндүк Кореянын акыркы баллистикалык ракета сыноосун «катуу» айыптап, жаңы санкциялар боло турганы менен эскертти.

732927
Түндүк Корея баллистикалык ракета сыноосунан улам эскертилди

 

Түркия, Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) 14-майдагы баллистикалык ракета сыноосун айыптады.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жарыясында: «Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) 2017-жылдын 14-майындагы баллистикалык ракета сыноосун айыптайбыз. Аты аталган сыноо Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин чечиминин ачык түрдө бузулганын көрсөтүп турат»,делди.

Жарыяда буларга орун берилди, «КЭДРге учурдагы диалог мүмкүнчүлүктөрүн көрмөксөнгө салбоо жана аймактагы тынчтык менен коопсуздук чөйрөсүнө зыян тийгизүүдөн башка жыйынтыгы болбогон мамилердин соңуна чыгарылышы үчүн чакырык салабыз».

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши да Түндүк Кореянын акыркы баллистикалык ракета сыноосун «катуу» айыптап, жаңы санкциялар боло турганы менен эскертти.

БУУнун коопсуздук кеңешинде бир добуштан кабыл алынган билдирүүдө, Түндүк Кореянын ырааттуулукту орчундуу абалга келтирген, чагымчыл мамилесинин жана ошондой эле БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомдорун ачык түрдө бузган баллистикалык ракета сыноолорунун санааркатуучу болгону баса белгиленди.

БУУнун коопсуздук кеңешине мүчө 15 өлкөнүн Түндүк Кореяга карай бардык санкцияларды толук ишке ашыра турганы белгиленген жарыяда, калган өлкөлөргө да ылдам жана олуттуу түрдө санкцияларды процесске киргизүү чакырыгы ташталды.



Тектеш кабарлар