Гүлендин тапшырылышына карата сүйлөшүүлөр оң өттү
Түрк делегациясы АКШда 6 саатка созулган сүйлөшүү өткөрдү
Адилет министри Бекир Боздаг менен бирге АКШга барган Адилет министрлигинин делегациясы америкалык кесиптештери менен Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин өткөрүлүп берилишине карата сүйлөшүүлөрүн кечээ да улантты.
Адилет министрлигинин Эл аралык укук жана тышкы байланыштар боюнча башкы директорунун орун басары Фарис Карак жетектеген делегация, АКШнын Адилет министрлигинин жооптуу кызматкерлери менен 6 саатка созулган сүйлөшүү өткөрдү.
Адилет министрлигинин бюрократтары менен катар Анкаранын Республикалык башкы прокуратурасында кызмат кылган жана ФЕТӨ териштирүүсүн жүргүзгөн 3 прокурор да катышкан сүйлөшүүлөрдүн оң өткөнү баса белгиленди.
Адилет министри Бекир Боздаг ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлендин Түркияга тапшырылышы темасында АКШнын адилет министри Жефф Сешнс менен дүйшөмбү күнү сүйлөшүү өткөрүп, анда эки өлкөнүн делегацияларынын ортосунда техникалык сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшүнө чечим чыгарылган болчу.
Тектеш кабарлар
Түркиянын калкынын 15,1 пайызын жаштар түзүүдө
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023 - жылдын жаштар боюнча статистикасын жарыялады.