Р. Т.Эрдоган - Тереса Мей телефон сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык маселелер каралды.

729165
Р. Т.Эрдоган  - Тереса Мей телефон сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Англиянын премьер  - министри Тереса Мей менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттик булактардан алынган маалыматка караганда президент Эрдоган менен Англиянын премьер – министри Мейдин сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым – катнаштар менен  аймактык маселелер тууралуу пикир алышуулар болду.

Эки тараптуу карым – катнаштарды бардык тармакта алдыга жылдаруунун маанисин баса белгилеген Эрдоган менен Мей Сирия, Кипр жана Европа Биримдиги темаларына да токтолушту.

Англия премьер – министрлигинен берилген маалыматта да Эрдоган менен Мейдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу карым  - катнаштарды өнүктүрүү тууралуу чечкиндүүлүктөрүнүн баса белгиленгендиги билдирилди. Мей Түркия менен кызматташтыкты бир топ тармакта тереңдетүүнү каалагандыгын билдирип, өзгөчө коргонуу тармагында күчтүү өнөктөштүктүн маанисин баса белгиледи.

Кипр маселеси да каралган сүйлөшүүдө Мей тарыхый бир келишим мүмкүнчүлүгүнө карата бардык тараптардын тайманбастан кадам таштоого даяр болушу керектигин айтты.

Сирия тууралуу Астана сүйлөшүүлөрүндөгү оң абалдарга карата ыраазычылыгын билдирген Мей Түркияны да Сирияда коопсуз аймактардын түзүлүшүндө ойногон ролунан улам мактады.

Англиянын премьер  - министри Түркиянын Сомалиге салым кошуу жана коопсуздуктун өнүктүрүлүшүндө ойногон күчтүү лидерлик ролунан улам да ыраазычылык билдирди.

Айдын акырында Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО жыйынында жолугушууну каалагандыгын билдиришкен Эрдоган менен Мей эртең да Англиянын борбор шаары Лондондо боло турган Сомали конференциясында жолугушат.



Тектеш кабарлар