Түрк куралдуу күчтөрүнүн террористтерге карай жүргүзгөн операциялары

Түрк куралдуу күчтөрү Бенйтүшшебаб жана Силванда жикчил террор уюму ПККнын курал жана ок-дары сактоочу жайларын таап, талкалады.

727693
Түрк куралдуу күчтөрүнүн террористтерге карай жүргүзгөн операциялары

Түрк куралдуу күчтөрү Бейтүшшебаб жана Силванда жикчил террор уюму ПККнын курал жана ок-дары сактоочу жайларын талкалады.

Бир жолу болгон операцияда уюмдан эң көп курал жана ок-дары колго түшүрүлгөн операцияларда жикчил террор уюму ПККга оор сокку урулду.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Шырнактын Бейтүшшебаб районунун элет жеринде жикчил террор уюму ПККга карай баштаткан «Шейит жандарма майору Ахмет Кахраман-2» операциясы 19 күндөн бери уланууда.

Инжебел тоолорунан Катого чейин созулган аймакта террористтер колдонгон 25 үңкүр белгиленди.

Үңкүрлөрдө жикчил террор уюмуна таандык көп сандаган курал жана ок дары табылды.

Операцияда 444 Калашников, 46 g-3, 15 BİXİ жана 2 MG 3 автомат мылтык, 2 дочка учак аткыч, 5 гранатомет, 10 ракета аткыч, 1 снайпер мылтыгы, 4 лава чачкан курал, 12 даана миномет колго түшүрүлдү.

Ошону менен бирге бир топ ок-дары табылды...

130 миңден ашык мылтык жана автомат октору, 7330 Дочка огу, 1 миң зениттик пулемёт огу, 259 минометтун огу, 2 ракета аткыч огу, 395 граната, 400 детонатор, 336 жөө аскерлерге каршы ракета аткыч октору, 16 танкага каршы мина, 10 түтүн гранатасы жана 4 жарым тонна жарылуучу зат аммонияк эң маанилүү көзгө урунгандары.

Террористтер колдонушкан үңкүрлөрдөн табылгандардын арасында бир топ компьютер, фото аппарат, түнкүсүн көрсөтүүчү дүрбү, рация, радио, телевизор, хард диск сыяктуу электрондук аппараттар да бар.

Айрыкча тонналаган азык-зат, миңдеген кийим кече жана бир топ медициналык шаймандар табылды.

Үңкүрлөрдүн жарактан чыгарылышы үчүн 8 бульдозер, 3 экскаватор жана ар түрдүү иш машиналары иштеп жатат.

Ийгиликтүү операциянын башка бир адреси Диярбакырдын Силван району болду.

Силвандын элет жерлеринде жүргүзүлгөн «Байрак-51» операциясында да жерге көмүлгөн 1 дочка учак аткыч куралы, 1 Канас снайпер мылтыгы колго түшүрүлдү.

Айрыкча бир үйдө 4 жөө аскер мылтыгы, 1 тапанча менен катар 691и дочка, 2057 даанасы BİXİ огу болуп 3311 даана ок-дары табылды.

Силванда да жикчил террор уюму ПККга карай операциялар уланууда.



Тектеш кабарлар