Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор менен күрөшүүсү...

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында өлкө ичинде жикчил террор уюму ПККга каршы жүргүзүлгөн күрөш менен Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн террор менен күрөшүү тууралуу маалымат берилди.

726760
Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор менен күрөшүүсү...

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан акыркы бир жумада изделген террористтер тизмесинде боз түстүү категорияда орун алган Фырат Беркпынар да арасында орун алган 78 террористтин жок кылынганы жарыяланды.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында өлкө ичинде жикчил террор уюму ПККга каршы жүргүзүлгөн күрөш менен Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн террор менен күрөшүү тууралуу маалымат берилди.

Буга караганда тасирдүү чек ара текшерүү жана күзөттөрдүн жыйынтыгы чек аралардан мыйзамсыз жолдор менен өтүүгө аракет кылган 6647 кишини колго түшүрдү.

Акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операциялар убагында бир аскер шейит болуп, 21 аскер жаракат алды.

Сириянын түндүгүндө чек ара коопсуздугун камсыздоо, террор уюму ДЕАШтын коркутуу жана кол салууларына бөгөт болуу, жеринен ажырагандардын жерлерине кайтууларына салым кошуу, жарандарды коргоо жана террордук окуялардан зыян тартууларынын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн операциялар да уланууда.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү тарабынан колдоо көрсөтүлгөн Эркин Сирия армиясы, Азез-Жераблустун ортосундагы 243 отурукташкан жер менен 2 миң 15 чарчы километрдик аянтты көзөмөлүндө кармап турат.

Баб облустук борбору Каббасин жана Бзагах аймактарында жарылуучу заттар менен мина издөө жана тазалоо иштери уланып жатат.

Террор уюму ПКК/ПЙД элементтеринин Афринден чыгышка, Мүнбичтен батышка карай боло турган кол салууларды токтотууга карай көрүлгөн чаралардын ишке ашырылуусу уланууда.



Тектеш кабарлар