Эрдоган Орусияга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путиндин атайын чакыруусу боюнча бүгүн Сочиге барат.

724550
Эрдоган Орусияга барат

Чек араны бузган Орусиянын согуштук учагынын 2015-жылдын ноябрь айында түшүрүлүшү менен башталган кризистен кийин бешинчи жолугушуу...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путиндин атайын чакыруусу боюнча бүгүн Сочиге барат.

Санкт-Петербург, Кытай, Стамбул жана Москвадан кийин бүгүн Сочиде боло турган Эрдоган-Путин жолугушуусу «орчундуу» жолугушуу болот.

Сирия кризиси темасынан баштап аймактын эки маанилүү актерунун ортосунда бул процессте премьер-министр жана министрлер деңгээлинде бир топ жолугушуу болду. Болуп өткөн кыйынчылыктардын соңуна чыгарылышы максатында өзгөчө талаа чарба жана туризмге карай айрым маанилүү кадамдар ташталган.

Эки тараптуу соодада учак кризисинен мурдагы деңгээлдерге кайтылышын каалоосу, эки лидердин тез-тез айтып жаткан жагдайы болсо да, мамлекеттин эң жогорку баскычтарында айтылган бул каалоонун азырынча астыңкы баскычтарга толук түшүнүк менен жеткенин айтуу мүмкүн эмес.

Орусияда жашаган жана соода менен алектенген түрк жарандарынын эң чоң кыйынчылыгы катары көрүнгөн иштөө уруксаттары, виза жана фирмалардын иш алып баруусуна тыюу салуулар, 10-мартта өткөн Түркия-Орусия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 6-жыйынында Путин тарабынан «Түркия жарандарына коюлган тыюу салууларды жоебуз» деген маалымдоосуна карабастан уланууда, Түркиянын талаа азыктарына карай санкциялар дагы деле толук жоюла элек...

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Алексей Мешков, өткөн аптадагы маалымдоосунда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин айрым категориялардагы Түркия жарандары үчүн виза тартибин жеңилдетүү жолуна кирүүгө даяр болгондорун жарыялаган.

Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович да талаа азыктарына карай тыюу салуулар тууралуу бир топ мурдагы маалымдоосунда вице-премьер Мехмет Шимшек менен апрель айында Москвада болгон жолугушуудан кийин алдыдагы күндөрдө эки тараптуу кеңешүүлөрдүн жыйынтыкталып Орусиянын талаа продукцияларына карай маселелеринин ашылып өтүлүшү темасында үмүттүү болгондорун белгилеген.

Буга кошумча уланып жаткан тыюу салууларга карабастан эки өлкөнүн экономикалык карым-катнаштарында нормалдашуу процесси аркылуу калыбына келүү болуп жатат.

Түркиянын статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда Түркиянын Орусияга экспорту үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 2016-жылдын тийиштүү убагына салыштырмалуу 40,9 пайызга өсүп 498,1 миллион долларга жогорулаган. Аты аталган мезгилде Орусиядан импорт 11,5 пайызга өсүп 4,4 миллиард долларга жакындаса, бул өсүүнүн эң маанилүү себеби катары кыш суук болгондуктан февраль айында 2 миллиард 500 миллион куб метрге жеткен жараталыш газдын импорттолушу көрсөтүлдү.

Талаа азыктарында да Орусиянын маанилүү кардары болгон Түркия, өткөн жылда Орусиядан 4,7 миллион тонна дан азыктарын импорттоду.

Түркиядан тооктун эти, индуктун эти, помидор, бадыраң, туздалган бадыраң, жүзүм, алма, алмурут жана кулпунайдын экспорттолушуна тыюу салуу Орусия багытында дагы деле уланып жатат. Бул темадагы акыркы абал болсо Түркиянын Орусиядан импорттогон буудай жана жүгөрүгө 130 пайыз, күрүчкө 45, күн караманын майына 36, чемичкеге 13,5 жана чанактуу өсүмдүктөргө 9,7 пайыз салыкты арттырганын көздөгөн тартипке өткөнүн айтышы эле.

Орусиянын айыл чарба министри Александр Ткачев да Түркия менен талаа азыктарына карай эки тарапты тең ыраазы кыла турган келишимге жакындап калгандарын, түрк адистери менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын жана акырында «туура ойдун» жеңишин үмүт кылгандарын айтты.



Тектеш кабарлар