Президент Р. Т. Эрдоган партиясынын мүчөлүгүнө кайтып келди

Президент Р. Т. Эрдоган Адилеттик жана Өнүгүү партиясына 33 айдан кийин кайрадан мүчө болду.

724402
Президент Р. Т. Эрдоган партиясынын мүчөлүгүнө кайтып келди

 Президент Р. Т. Эрдоган куруучу лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясына 33 айдан кийин кайрадан мүчө болду.

Президентикке талапкер болуу үчүн 2014 – жылдын 27 -  августтунда 1 -  кезексиз чоң конгресси менен Адилеттик жана Өнүгүү партиясынан чыккан президент Эрдоган «бешинчи  баласы» деп мүнөздөгөн  партиясына 979 күндөн кийин кайрадан мүчө катары кайтты.

Ушундайча 16 -  апрелде өткөн референдум менен өзгөртүлгөн конституциялык беренелеринин бирөөсү болгон «партияга мүчө президент» мезгили да башталды.

Партиянын борборундагы аземде сөз сүйлөгөн премьер – министр Бинали Йылдырым президент Эрдогандын 21 -  майда боло турган 3 -  кезексиз чоң конгрессинде лидерликтин сунуш кылынарын билдирди.

Премьер – министр Бинали Йылдырым : «Бүгүн түрк саясаты жана демократиясы үчүн тарыхый бир күн жашап жатабыз. Азиз улутубуздун чечиминин негизинде өлкөнү  башкаргандарды улуттун жана саясаттын үстүндө көрүү түшүнүгү эми аяктады. Калктын адамы, калкка  кызмат кылуу мекемесине, Адилеттик жана Өнүгүү партиясына элдин макулдугу менен бүгүн кайтып келүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар