Эрдоган Стамбулдагы армян патриархиясына өз билдирүүсүн жөнөттү

Эрдоган: «Өлкөбүздөгү армян коомчулугунун тынчтыгы, коопсуздугу жана бакубаттуулугу биз үчүн өзгөчө мааниге эгедер»

719497
Эрдоган Стамбулдагы армян патриархиясына өз билдирүүсүн жөнөттү

Президент Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдагы армян патриархиясында өткөрүлгөн диний аземге өз билдирүүсүн жөнөттү.

Эрдоган билдирүүсүндө: «Өлкөбүздөгү армян коомчулугунун тынчтыгы, коопсуздугу жана бакубаттуулугу биз үчүн өзгөчө мааниге эгедер. Бир дагы армян жараныбыздын четтетилишине, өзүн экинчи катарда тургандай сезишине уруксат бербейбиз»,- деп айтты.

Эки элдин ортосундагы байланыштарды бекемдөөнүн орток максат экенине көңүл бурган Эрдоган: «Көптөгөн жылдардан бери кайгы-кубанычты тең бөлүшүп келген эки элдин кемчиликтерин толуктоо жана адамдык байланыштарды бекемдөө бардыгыбыздын жалпы максатыбыз болуп саналат. Ушул алкакта акыркы 14 жылдын ичинде көптөгөн кадамдарды таштап, тарыхый мүнөздөгү реформаларды ишке ашырдык. Осмон армяндарынын элесине жана Армениянын маданий мурасына колдоо көрсөтүүгө карата иш-чараларыбызды алдыдагы процессте арттырып улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар