Куттуу жумалык программасында жетекчилер сөз сүйлөштү

Премьер – министр Бинали Йылдырым ислам динин динге  кыянатыкка каршы коргоо керектигин айтты.

716329
Куттуу жумалык программасында жетекчилер сөз сүйлөштү

 

Бинали Йылдырым борбор Анкарада өткөрүлгөн «Пайгамбар жана ишеним коому» деген темада Куттуу жумалык программасына катышты. Бинали Йылдырым : «Динибизди коргообуз керек болгон эң коркунучтуу элементтердин башында динге кыянаттык турат. Динге кыянаттыктын 15 -  июлда бул өлкөгө жашаткандарын баарыбыз көрдүк»,- деди.

Коомдордун, жаш муундардын, балдардын руханий нарктарга ээ  болушун, алардын таза жана туура болгон маалыматка жетиши үчүн көп иштөөлөрү керектигин белгилеген Йылдырым батыш дүйнөсүндө күч алып жаткан улутчулдукка да токтолуп : «Тилекке каршы батышта мурунку салттык кыжырдануунун айынан исламга каршы чыгуу барган сайын күч алууда. Батыш маданиятында орун алган бир ислам коркуусу бар. Батыш бул оорусу менен сөзсүз бетешүүгө мажбур»,- деди.

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Исмаил Кахраман да сөзүндө Азырети Мухаммедден баарынын илхам алышы керектигин, анын жолун жолдоо керектигин айтты.  Вице  - премьер Нуман Куртулмуш болсо : «Чоң бир цивилизациянын мурасчысы  болгон Түркиянын адамдары катары биздин аткаруубуз керек болгон нерсе ишенимдүү коомду куруу жолунда жоопкерчиликти орундатуу жана куруу»,- деди.

Дин иштери башкармалыгынын төрагасы Мехмет Гөрмез да сөзүндө Азырети Мухаммеддин аялдардын ишеним ичинде жашашы керектигин айтканына токтолду.



Тектеш кабарлар