Президент Эрдоганга куттуктоолор келе баштады

Конституциялык өзгөртүүгө "макул" добушу берилишинен кийин президент Режеп Таййип Эрдоганга чет өлкөлөрдөн куттуктоо телефондору келиши уланууда.

714445
Президент Эрдоганга куттуктоолор келе баштады

Элдик добуш берүүдө Конституциялык өзгөртүүгө "макул" добушу берилишинен кийин президент Режеп Таййип Эрдоганга чет өлкөлөрдөн куттуктоо телефондору келиши уланууда.

Алгачкылардан болуп телефон чалгандар; Азербайжан, Катар жана Палестинанын лидерлери болушту.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, элдик добуш берүүнүн ийгиликтүү жыйынтыкталышы жана катышуунун жогору болушунан улам президент Режеп Таййип Эрдоганды жана түрк калкын куттуктады.

Алиев Эрдоганга жиберген куттуктоо билдирүүсүндө элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарын, элдин президент Режеп Таййип Эрдогандын саясатына көрсөткөн чоң колдоосунун жыйынтыгы катары баа берди.

Катардын эмири шейх Тамим Хамад Ал Сани жана Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас да президент Эрдоганга телефон аркылуу байланышып элдик добуш берүүдөн жеңиш менен чыкканын куттукташты.

Президент Эрдоганды телефон аркылуу куттуктагандардын арасында Бахрейндин королу Хамад бин Иса аль-Халифа, Африка биримдигинин кезектешкен төрагасы жана Гвинеянын президенти Альфа Конде, Тунистин Нахда кыймылынын лидери Рашид Аль-Ганнуши да бар.



Тектеш кабарлар