Түркиянын шашылыш түрдө абадан коргонуу системасына муктаждыгы бар

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык, расмий сапар барган АКШнын борбор шаары Вашингтондо кесиптеши Жим Маттис менен Пентагондо жолукту.

712659
Түркиянын шашылыш түрдө абадан коргонуу системасына муктаждыгы бар
fikri ışık seta.jpg

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык, Түркиянын шашылыш түрдө абадан коргонуу системасына муктаждыгы болгонун белгилеп, S-400 ракеталары тууралуу процессте акыркы чечимди чыгаруу баскычына жеткендерин айтты.

Фикри Ышык, расмий сапар барган АКШнын борбор шаары Вашингтондо кесиптеши Жим Маттис менен Пентагондо жолукту.

Күн тартиптеги башкы темасы Сирия болгон жолугушууда Ракка, Мүнбич сыяктуу орчундуу жерлерге жүргүзүлө турган операциялар тууралуу пикир алмашылды.

Фикри Ышык, Түркиянын кызыл чийиндерин америкалык кесиптешине түшүндүрдү.

Ышык, Асад режимине каршы операциялардын улантылышынын жаңы жарандык кыргындарга бөгөт болуу үчүн баш тарттыруучу кыймыл боло турганын белгилеп кетти.

Андан кийин саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фонду (SETA) уюштурган диспутка катышкан Фикри Ышык, бул жердеги сөзүндө да Маттис менен болгон жолугушуусуна токтолуп, кесиптешине ПЙДнын жикчил террор уюму ПККнын уландысы болгонун айтканын жана бул теманы досторчо эки жактуу түрдө сүйлөшкөндөрүн маалымдады.

Түркиянын бардык платформада ПЙД тууралуу сезимталдыктарын айтканын баса белгилеген Ышык, бул темада Трамп бийлиги менен жакын байланышта болгондорун жана сүйлөшкөндөрүн белгиледи.

Ышык, ушул убакта Ракка операциясы үчүн такталган чечим жок экенин айтты.

Түркия дуушар болгон коркунучтарга карата шашылыш абадан коргонуу системасына муктаждык болгонун белгилеген Ышык, « (S-400 ракеталары тууралуу процессте) Акыркы чечим чыгаруу баскычындабыз. Акыркы чечим президентибиз менен премьер-министрибиз тарабынан чыгарылат»,-деп айтты.

Түркиянын НАТОнун мүчөсү катары бул муктаждыгын эң оболу НАТОнун алкагында жоюуну каалаганын, бирок бул мүмкүн болбогондуктан анын үстүнө башка изденүүлөр күн тартипке келгенин белгилеген Ышык, S-400 ракеталары тууралуу процесстин тез эле чыгарыла калган чечим болбогонун айтты.

Коргоо министри Ышык, Асад режиминин Идлибде химиялык курал колдонуусуна каршы АКШнын режимге таандык Шайрат аба базасын ракеталар менен атканы тууралуу да, «Дональд Трамптын эр жүрөктүү жооп кайтаруусу аймакта чоң симпатия жаратты. АКШнын жооп кайтаруусу абдан маанилүү жана баалуу, бул улантылышы керек. Мындан 3 жыл мурда Обама башкаруусу да химиялык курал алгач ирет колдонулганда керектүү жооптуу бергенде мынчалык чоң баш аламандыкка түртүлбөйт эле», деген серебин салды.

Асаддын Орусия тарабынан колдоого алынышынын кабыл алынгыс болгонун айткан Фикри Ышык: «Асад менен чечим табуу мүмкүн болбойт. Асад менен болгону баш аламандык болот»,-деп айтты.

«Евфрат калканы» кыймылынын ийгилигин да баса белгилеген Ышык, муктаждык болгон учурда мурдагыдай эле максаттар боюнча кайрадан операция жүргүзүлө ала турганын, бул темада каалганын толугу менен жабык болбогонун баса белгиледи.

Жикчил террор уюму ПККнын Синжарда болушун да шилтеме кылган улуттук коргоо министри, буга уруксат берилбей турганын белгилеп, Түркиянын ар кандай шарт жана жерде ПКК менен күрөшүүсүн уланта турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар