Германиянын элчи милдетин актаруучусу Тышкы иштер министрликке чакыртылды

Министрликтин билдирүүсүнө караганда Германиянын чалгындоо кызматынын төрагасынын маалымдоосуна Түркиянын каршы чыгуусунун айтылганы белгиленди.

696638
Германиянын элчи милдетин актаруучусу Тышкы иштер министрликке чакыртылды

Германиянын Анкарадагы элчи милдетин аткаруучусу, немис чалгындоо кызматынын төрагасы Бруно Калдын «15-июлдагы төңкөрүш аракетинин аркасында ФЕТӨнүн турганына көнбөгөнү» жөнүндөгү маалымдоолорунун себебинен Түркиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда Германиянын чалгындоо кызматынын төрагасынын маалымдоосуна Түркиянын каршы чыгуусунун айтылганы белгиленди.

Анда, «Төңкөрүшчүлөрдүн ФЕТӨ менен байланыштарын ортого салган айтымдары, төңкөрүш аракетинен мурда жана түн ичинде өз араларында болгон байланыштарынын каттоолору, Акынжылар (Анкара) базасында кармалган ФЕТӨгө кошулган жарандар менен катар бардык далилдер бар»,делди.

Мүчөсү болушкан ФЕТӨнүн максаттары боюнча укуктун негизги принциптерин тебелеген, усулсуз тыңшоолор жана жасалма документтер менен миңдеген карапайым жаранды жабыркаткан бир топ прокурор, судья жана полициядан баштап жүздөгөн ФЕТӨ мүчөсүнүн дагы деле Германияда жүргөнү айтылган маалымдоодо, «Аты аталган кишинин маалымдоосу, Германиянын ФЕТӨгө көрсөткөн толеранттуулук жана коргоочу мамилесинин аркасындагы аң-сезимди ачыктап турат»,делди.



Тектеш кабарлар