Ички иштер министрлиги операциялар тууралуу билдирди

Эки жүз отуз үч операцияда террордук уюмга жардам берген тогуз жүз токсон тогуз киши камоого алынды

695251
Ички иштер министрлиги операциялар тууралуу билдирди

Ички иштер министрлиги 13 – 20 -  март күндөрүнүн арасына жүргүзүлгөн эки жүз отуз үч операцияда террордук уюмга жардам берген деген негиз менен тогуз жүз токсон тогуз кишинин камоого алынгандыгын жарыялады.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта операцияларда жыйырма төрт террористтин да таасирсиз абалга келтирилгендиги билдирилди. Фетуллахчы террордук уюм менен байланышы бар экени белгиленген жыйырма сегиз киши камоого алынды. Операцияларда  ДЕАШ мүчөсү жетимиш, сол террордук уюм менен байланышы болгон жыйырма сегиз киши тууралуу да камоо чечими чыгарылды. Алты облуста  жыйырма бир баш калкалоо жери менен үңкүр колдонулбай турган абалга келтирилип, он тогуз граната жардырылды.

Жалпы Түркияда жүргүзүлгөн операцияларда он үчү каза болуп, он бири багынуу менен жалпы жыйырма төрт террорист таасирсиз абалга келтирилди.



Тектеш кабарлар