Фикри Ышык S - 400дөр тууралуу маалымат берди

S - 400дөр НАТО системасына интеграция кылынбайт

693116
Фикри Ышык S - 400дөр тууралуу маалымат берди

Улуттук коргоо министри Фикри Ышык абадан коргонуу системасын алуу тууралуу так проектинин Орусияда жасалган S-400дөр экендигин айтты. S – 400 узун аралыкка атуучу ракеталардын алынышы менен Түркиянын өз инвентарында колдонорун баса белгилеген министр Ышык бул ракеталардын НАТО системасына интеграция кылынбай тургандыгын билдирди.

Узун аралыктуу ракета менен камсыз кылуу үчүн башка сүйлөшүүлөрдүн да улантылып жаткандыгын айткан Ышык азыркы учурдан баштап эң күчтүү ыктымалдын S - 400 ракеталары болгондугун белгиледи.

Фикри Ышык Түркиянын өз мүмкүнчүлүктөрү менен чыгара турган абадан коргонуу системанын болсо 5 – 7 жылдын ичинде даяр болорун билдирип НАТО системасына Түркиянын өзү чыгара турган аралыктуу ракеталардын интеграция кылынарын айтты.



Тектеш кабарлар