Грециядан Түркияга колдоо
Йоргос Катрогалос түрк жетекчилердин Грецияда жыйын өткөрбөшү үчүн себептин жок экендигин айтты
Грециянын Европа иштеринен жооптуу тышкы иштер министринин аткаруучу өкүлү Йоргос Катрогалос Түркия менен ар дайым достук карым – катнаштарды курууга аракет кылышкандарын белгиледи. Катрогалос менчик телекөрсөтүү каналына берген маалыматта түрк жетекчилердин Грецияда шайлоо жыйындарын өткөрүү ыктымалына байланыштуу : «Түрк жетекчилер шайлоо мезгилинде мындан мурда Фракияга сапар менен келишкен. Алардын бул ишине бөгөт болуу үчүн себеп жок. Европада карым – катнаштарыбызда маселе жаратууга себеп боло турган араздашуулар көкүтүлбөшү керек»,- деди.
Катрогалос шайлоодон мурдагы атмосферанын мамлекеттер аралык карым – катнаштарды бузбашы керектигин да белгилеп : «Мен башка өлкөлөрдүн ички саясий чечимдерин териштире албайм бирок Европада эреже, мындай жыйындардын ишке ашышы»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркиянын калкынын 15,1 пайызын жаштар түзүүдө
Түркиянын статистикалык мекемеси 2023 - жылдын жаштар боюнча статистикасын жарыялады.