Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Голландияга барарын билдирди

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу голландиялык кесиптеши Берт Коендерс менен акыркы сүйлөшүүсүн өткөрдү

688821
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Голландияга барарын билдирди

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бардык тоскоолдуктарга карабастан ишемби күнү Голландиянын Роттердам шаарында жарандар менен жолугушарын билдирди. Мевлют Чавушоглу Анкара Кечиөрен мэрдиги тарабынан Юнус Эмре маданий борборунда өткөрүлгөн «Жаңы конституция, жаңы Түркия» деген темадагы конференцияда сөз сүйлөдү.  Чавушоглу : «Акыркы күндөрдө, өзгөчө Европада кээ бир өлкөлөр биздин жарандарыбыз менен жолугушуубузга тоскоолдуктарды чыгарууда. Жарандык беришпей аларды ушул жол менен барымтага алышууда»,- деди. Бул абалдын адамзаттыкка, дипломатиялык эрежелерге, достукка, адам укуктарына, укуктун үстөмдүгүнө, демократиялык укук жана эркиндиктерге туура келбегендигин баса белгиледи.  

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу голландиялык кесиптеши Берт Коендерс менен акыркы сүйлөшүүсүн өткөрдү. Сүйлөшүүдөн кийин Голландия сапарында акыркы чекитти койгон Чавушоглу : «Ишемби күнү бардык тоскоолдуктарга карабастан Роттердамга барабыз. Ал жердеги түрк бир тууган жана түрктөр менен жолугушабыз. Бизге эч ким тоскоол боло албайт»,- деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Анкарада Юнус Эмре маданий борборунда «Жаңы конституция, жаңы Түркия» конференциясында жарандарга кайрылуусунда жаңы система тууралуу бул сөздөр менен жыйынтыктады : «Алып келе турган бул система Р. Т. Эрдогандан кийинки Түркиянын ишеними. Системанын өзү күчтүү болот, себеби калктын 50 пайыз +1 добушу менен шайланган президенти болот».



Тектеш кабарлар