Жаңы системада премьер-министрлик кызматы болбойт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Анкарадагы Арена залында Түркиянын жаштар клубу федерациясынын «Келечек үчүн Макул» аттуу программасында сөз сүйлөдү.

687096
Жаңы системада премьер-министрлик кызматы болбойт

Президент Режеп Таййип Эрдоган жаңы системада президенттик менен премьер-министрликтин кызматтары бириктириле турганын жана элдин алдында жалгыз жооптуу орган боло турганын айтты.

Анкарадагы Арена залында Түркиянын жаштар клубу федерациясынын «Келечек үчүн Макул» аттуу программасында сөз сүйлөгөн президент Эрдоган: «Бул өлкөдө мындан ары президент менен премьер-министр уруша кетишти деп улуттун чыгым төлөгөнгө мажбур калышын каалабайбыз»,-деди.

Жаштарга ишенгендерин баса белгилеген президент: «15-июлда тарых жазган жаштарыбыз, ишенип койгула 16-апрелде да кайрадан тарых жазат. 21 жашында бир доорду жаап башка бир доорду ачкан (Осмон императору) Фатихтин урпактары жаңы доордун ачылышына даярданууда»,-деп айтты.

«Бул улутту бөлө алышпайт» деген Эрдоган: «Бул жерлерде Түркия Республикасы мамлекетинен башка мамлекет болушу мүмкүнбү? Дүйнөсүн тарытабыз. Тендүректе кармап атабыз, Жудиде кармап атабыз, Бестрлер дарыясында кармап атабыз, Кандилде кармап атабыз»,-деп айтты.

Сириядагы террор уюмдары менен күрөшүүгө да токтолгон Эрдоган, ДЕАШты Жераблус, Раи, Дабык жана Эл Бабдан тазалагандарын баса белгилеп, АКШ жана Орусияга «Мүнбич жана Ракканы чогуу тазалайлы» деген чакырыгын салды.

Түркияны Сирияда каалабагандарга көөшөрүп туруп ал жактагы туугандары менен биригип, дагы кеңири аянтта кыймылын жүргүзө турганын айткан Эрдоган: «Түркияны Иракта каалабагандарга көөшөрүп туруп шиит-суннит дебестен, түркмөн-араб-күрт дебестен ал жердеги бардык туугандарыбыз менен колдошуп, келечекке карай жүрүшүбүздү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар