Тышкы иштер министрлиги Пакистандагы кол салууну айыптады

«Генератордун жарылышы» деп билдирилген окуянын террордук кол салуу болгондугу билдирилди

679235
Тышкы иштер министрлиги Пакистандагы кол салууну айыптады

Түркия Пакистандын Пенжап аймагынын борбор шаары Лахордогу бир ресторанга жасалган террордук кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Кол салууну катуу айыптайбыз, дос, бир тууган Пакистан калкы жана өкмөтү менен  тилектештик ичинде экендигибизди билдиребиз»,- деп айтылды. Маалыматта премьер – министр Бинали Йылдырым жана Пакистандын премьер – министри Наваз Шерифтин кош төрагалыгында кечээ борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн Түркия – Пакистан жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешинин бешинчи жыйынында кабыл алынган орток билдирүүдө да күчтүү белгиленгендей эки өлкөнүн террор менен күрөшүүнү чекиндүү түрдө улантары жана бул тууралуу кызматташтыкты күчтөндүрөрү билдирилди. Пакистан калкынын кайгысынын бөлүшүлгөндүгү белгиленген маалыматта кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтылып, жаралуулардын айыгып кетүүсү кааланды. Лахордун киши көп болгон аймагындагы бир ресторанда кечээ болгон жана «генератордун жарылышы» деп билдирилген окуянын террордук кол салуу экендиги жана жарылууда 8 киши каза болуп, 21 кишинин жаралангандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар