Президент Эрдоган Орусияга барат
Сапардын максаты
679423
Президент Режеп Тайип Эрдоган 9-10-март күндөрүндө Орусияга барат.
Эрдоган Түркия менен Орусиянын ортосунда өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйындарына катышат.
Президент Эрдогандын сапарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен да бетме-бет жолугушуу өткөрүүсү пландалууда.
Эки өлкөнүн ортосундагы нормалдашуу процессинде келип жеткен жер, соода жана экономикалык карым-катнаштардын арттырылышы менен Түркиянын S-400 ракеталык коргонуу системасын сатып алуусу да ушул жолугушуу убагында күн тартипке коюлушу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.