Адилет министри Германияны айыптады

Бекир Боздаг жазуу түрүндөгү жарыясында тинтүүлөрдүн эл аралык келишимдердин жана немис конституциясынын ачык түрдө бузулганы экенин белгиледи.

674029
Адилет министри Германияны айыптады

Түркиянын адилет министри Бекир Боздаг Дин иштери башкармалыгынын Германияда кызматка койгон 4 имамынын үйүнө операция жүргүзүлүүсүнө каршылык көрсөтүп: «Үйгө кирип барганыңарды айыптайбыз, немис органдары туш келди ишке ашырууларын соңуна чыгарышы керек»,-деди.

Бекир Боздаг жазуу түрүндөгү жарыясында тинтүүлөрдүн эл аралык келишимдердин жана немис конституциясынын ачык түрдө бузулганы экенин белгиледи.

Сөзү болгон акысыз, негизсиз айтымдардын жана жүргүзүлгөн териштирүүнүн эки өлкөнүн карым-катнаштарына зыян тийгизе турганын айткан Боздаг, Германиянын Түркияга кайтарып бербеген террористтерин да эске салды.

Министр Боздаг немис органдарынын түрк дин кызматкерлери туурасындагы күнөөлөөлөрдү териштирбей туруп операция жүргүзүшүн ачык эле кош стандарттын мисалы катары мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар