Түрк оливкасы жана оливка майы орус жарманкесинде

Түрк оливка жана оливка майын экспорттоочулары борбор шаар Москвадагы жарманкеге калың делегация менен катышты

668081
Түрк оливкасы жана оливка майы орус жарманкесинде

Түркия жана Орусиянын ортосундагы соода карым – катнаштарынын өнүгүшүнөн кийин кыймылга өткөн түрк оливка жана оливка майын экспорттоочулары борбор шаар Москвадагы жарманкеге калың делегация менен катышты.

Орусия 140 миллиондон ашкан калкы менен Түрияга жакындыгы менен оливка жана оливка майын өндүрүшүнүн болбошу менен түрк оливка жана оливка майы сектору үчүн да маанилүү базар жери. Түркия оливка жана оливка майы секторунун өкүлдөрү Орусияда 2017 – жылдын 11 – 14 -  сентябрь күндөрүнүн арасында өткөрүлө турган World Food Moscow жарманкесине да катышат.

Бул жылы өзгөчө Орусияга оливка майын экспорту абдан жакшы өнүгүү көрсөтүүдө.

2016 – 2017 сезонунун биринчи чейрегинде оливка майын экспорттоо, өткөн сезондун ушул эле мезгилине караганда 231 пайыздык рекорддук өсүү көрсөтүп 11 миллион 215 миң доллардан 37 миллион 176 миң долларга жогорулады. Бул өсүүнүн 2016 – 2017 сезонунда улантылышы күтүлүүдө.

Түркияда оливка өстүрүү акыркы 17 жылда салынган инвестициялар менен маанилүү өнүгүү көрсөттү. Түркиянын  90 миллион болгон оливка дарагы 177 миллионго жетти. Бул дарактардын мөмө бере турган абалга келиши менен Түркиянын 650 миң тонна оливка майын өндүрүүдө дүйнө экинчиси, 1 миллион 200 миң тонна оливка өндүрүү менен дүйнө биринчиси болушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар