Р. Т. Эрдоган - Вирту жолугушуусу

Президент Эрдоган Эфиопиянын президенти Мулату Тешоме Виртуга ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн көргөндүгү үчүн рахмат айтты

667643
Р. Т. Эрдоган  - Вирту жолугушуусу

Президент Р. Т. Эрдоган Фетуллахчы террордук уюмдун Эфиопиядагы мектептеринин билим берүү министрлигине өткөрүлөрүн билдирген Эфиопиянын президенти Мулату Тешоме Виртуга ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн көргөндүгү үчүн рахмат айтты.

Эфиопиянын президент Вирту президент Эрдогандын чакыруусу менен Анкарага келди. Вирту ФЕТӨнүн 15 -  июлдагы козголоң кыймылында Ф – 16 учактары тарабынан бомбаланган жана зыян тарткан Түркия Улуттук Парламентин зыярт кылып гүл койду.

Түркияны абдан жакындан тааныган, 7 жыл Эфиопиянын Анкара элчилигин аткарган жана 2013 -  жылы президент болуп шайланган Вирту парламенттин аткаруучу төрагасы Ахмет Айдын менен да жолугушту.

Чанкая сарайында премьер – министр Бинали Йылдырым менен да жолугушкан Вирту андан кийин президенттик комплексинде президент Р. Т. Эрдоган тарабынан кабыл алынды.

Эки лидер жолугушууда эл аралык темалар менен бирге эки тараптуу карым – катнаштарды карап чыгышкандан кийин пресс – жыйын өткөрүштү.

Эфиопияда  ФЕТӨ мектептеринин жабыларын бөлүшкөн кесиптешине рахмат айткан Эрдоган : «Эфиопия ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн, адамзат үчүн коркунуч экендигин көргөн досторбуздан. Бул тууралуу бирдикте керек болгон кадамдарды таштап жатабыз.  Бир гана Эфиопияда эмес, ФЕТӨнү жайылган башка өлкөлөрдөн да тазалоо боюнча чечкиндүүбүз, себеби бул бир шишик»,- деди.

Эфиопиянын президенти Вирту да 15 -  июлдагы козголоңдогу ийгилигинен улам президент Эрдоганды куттуктады жана Түркиянын Африкада дагы көп иш алып баруусун суранды. Парламенттен өткөндөн кийин элдик добуш берүүгө сунушталышы үчүн президенттиктин бекитүүсүн күтүп жаткан конститцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Эрдоган бул жуманын ичинде чечим чыгара алышарын айтты.



Тектеш кабарлар