Куттуу жол тартуу

Президент Эрдоган Түркия Палаталар жана Биржалар Биримдигинин (TOBB) Экономика кеңешинде сөз сүйлөдү.

667363
Куттуу жол тартуу

Президент Режеп таййип Эрдоган желекке каршы чыккандарга каршы чыгуу жана президенттик өкмөт системасына «макул» деп айтыш үчүн жолго чыккандарын баса белгиледи.

Президент Эрдоган Түркия Палаталар жана Биржалар биримдигинин (TOBB) Экономика кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө: «Кандилдегилер (Жикчил террор уюму ПККнын Ирактын түндүгүндөгү лагери) менен кол кармашкандар, алар менен бирге бул өлкөдө бир нерселерди кылууга аракеттенгендерге каршы бул кадам ташталды. Мен ошондуктан бул жол тартууну куттуу жол тартуу деп атаймын, кабыл аламын жана ишенемин, ошондуктан менин улутум «макул» деп айтып бул жол туртууну бекитет»,-деди.

Түркиянын террор менен күрөшүүсү улана турганын айткан Эрдоган: «Баштан өткөрүп жаткандарыбыз жана ортого чыккан чындыктар бизге ФЕТӨ «Фетуллахчы террор уюму), ДЕАШ, ПКК сыяктуу уюмдардын башын толугу менен жанчыбастан коопсуз жана толук түрдө улантууда кый  нала турганыбызды көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Сөзүндө экономикага да токтолгон Президент, жумушсуздук көрсөткүчтөрүнүн төмөндөтүлүшүнүн маанисин баса белгилеп, TOBBдун бардык мүчөлөрүнүн багытында жаңы жумуш орундарын жапырт жаратууну баштагандарын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар