Түркиянын Гүмүлжинедеги башкы консулдугуна кол салуу болду

Түркиянын Гүмүлжинедеги башкы консулдугунун тышкы дубалына жана корооосуна боектор ыргытылды.

665728
Түркиянын Гүмүлжинедеги башкы консулдугуна кол салуу болду

Грецияда Түркиянын Гүмүлжинедеги Башкы консулдугунун тышкы дубалына жана короосуна боектор ыргытылды.

Кечээ түшкө маал Түркиянын Башкы консулдугу орун алган көчөгө барган 8 кишилик топ, консулдук имаратынын тышкы дубалдарына жана короосуна кызыл жана кара түстөгү боек толтурулган шишелерди ыргытышты.

Көргөн күбөлөр көчөгө ДНКП-Ж террор уюмуна колдоону камтыган грекче жазылган билдирүүлөрдү да ыргыткан кишилер ураан чакырып качышканын билдиришти.

Полиция окуяга байланыштуу териштүү баштатты.



Тектеш кабарлар