Түркия Парламентинде дагы 4 берене кабыл алынды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешинде кечээ Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушунун дагы 4 беренеси кабыл алынды.

655450
Түркия Парламентинде дагы 4 берене кабыл алынды

Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушунун 2-айлампасы аяктап баратат.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешинде кечээ Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушунун дагы 4 беренеси кабыл алынды.

8-берене 339, 9-берене 341, 10-берене 340 жана 11-берене 342 макул добушун алды.

8-беренеде Президент «мамлекеттин жана аткаруу бутагынын башы» деп аныкталды.

Президентке аткарууга байланыштуу токтом чыгаруу ыйгарым укугу берилди.

Президенттин орун басарлары менен министрлерди дайындоо жана кызматтан алуу ыйгарым укугу да аныкталды.

9-берене президенттин жазалуу жоопкерчиликтерин жөнгө салат.

Президент туурасында кылмыш кылганы оюу менен териштирүү ачылышы талап кылынат.

Бул үчүн Парламенттин толук санынын жарымынан көбү сунуш бериши жетиштүү болот.

Жогорку Сотко өткөрүлүшү үчүн болсо 400 эл өкүлүнүнүн добушу керек.

10-берене болсо Президенттин жардамчылары жана убактылуу милдетин аткаруу укугу тууралуу болот.

Президенттик макам кандайдыр бир себеп менен бошоп калса, анын ордуна жардамчысы убактылуу милдетин аткарат.

Шайлоолордун жаңылануусуна байланыштуу 11-берене эки тараптуу жоюуларды камтыйт.

Буга ылайык 360 добуш менен Парламент жана Президенттик шайлоолорунун жаңылануусуна чечим чыгарыла алат.



Тектеш кабарлар