Орусия жана Түркиянын аба күчтөрү террорист буталарын атуу боюнча кызматташат
Түркия менен Орусиянын ортосунда Орусиянын борбор шаары Москвада өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Түркия менен Орусиянын ортосунда Сириядагы операциялардын убагында «учуу коопсуздугунун камсыздалышы жана кааланбаган окуялардын алдын алуу үчүн» Орусиянын борбор шаары Москвада өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Башкы штабдын төрагалыгынын жарыясында Орусия Федерациясы жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн ортосунда делегациялар аралык жыйналыштар өткөрүлгөнү билдирилди.
Жарыяда бул жыйналыштардын эң акыркысынын кечээ Орусия жана Түркиянын башкы штаб делегацияларынын ортосунда Москвада өткөрүлгөнү жана жыйналыштардан кийин өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганы маалымдалды.
Жарыяда террорист буталарга жүргүзүлгөн операцияларда Орусиянын авиация жана космос күчтөрү менен Түркиянын аба күчтөрүнө караштуу учактардын коопсуздугу үчүн координация жана кызматташууга байланыштуу механизмдердин меморандумда белгиленгени билдирилди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.