Иран менен Түркия террордук топторго каршы биргелешип күрөшөт

Ирандын президенти Хасан Рухани президент Режеп Таййип Эрдоган менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

651052
Иран менен Түркия террордук топторго каршы биргелешип күрөшөт

Иран террор менен күрөшүү боюнча Түркияга өнөктөштүк сунуштады.

Ирандын президенти Хасан Рухани президент Режеп Таййип Эрдоган менен кечээ телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Ирандын Президенттик маалымат борборунан маалымдашкандай, эки президенттин сүйлөшүүсүндө аймактагы акыркы абалдар каралды.

Сирияда камсыздалган ок атышпоону ыраазы болуп кабыл алгандарын айткан Рухани: «Бардыгыбыз бул ок атпоонун уланышы үчүн аракет кылышыбыз керек. Шексиз, Анкара, Москва жана Тегерандын ортосунда түзүлгөн жакын кызматташтык аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн абдан маанилүү»,-деп айтты.

Сирия күн тартиби менен Казакстандын борбор калаасы Астанада өткөрүлө турган сүйлөшүүлөргө токтолгон Рухани, Түркия жана Ирандын кызматташтыгы менен салыштырмалуу да болсо Сирия жана аймакта ырааттуулуктун камсыздалышын үмүт кылгандарын айтты.

«Аймактагы бардык террордук уюмдар орток душманыбыз»,-деп айткан Рухани, бардык террор уюмдары менен күрөшүүнү максаттагандарын билдирди.

Президент Эрдоган да Ирандын экс-президенти Хашими Рафсанжанинин каза болгону боюнча Иран улуту жана мамлекетине көңүл айтып, Рафсанжанинин Анкара-Тегеран карым-катнаштарын күчтөндүрүш үчүн чоң аракет кылганын баса белгиледи.

Эки өлкөнүн орток кызматташтыгы менен аймактагы террордук топторду жок кылышы керектигин айткан Эрдоган, «Түркия жана Ирандын аймакта чоң жоопкерчиликтери бар»,-деди.

Сириядагы ок атышпоого токтолгон президент Эрдоган: «Бардыгыбыз ок атышпоонун пайдубалдарынын күчтөнүшү үчүн аракет кылышбыз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар