Трамптын келиши менен АКШ Түркия менен жакын мамиле курат

Дональд Трамп, Түркия менен жакын мамиле кура турганын баса белгиледи.

649516
Трамптын келиши менен АКШ Түркия менен жакын мамиле курат

Түркия менен Америка Кошмо Штаттарынын карым-катнаштарында жаңы мезгил башталууда.

АКШда 20-январда Барак Обамадан президенттик кызматын өткөрүп ала турган Дональд Трамп, Түркия менен карым-катнаштардын оңдолушу үчүн жылуу билдирүүлөрдү айтты.

Дональд Трамп, Түркия менен жакын мамиле кура турганын баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Вашингтон пост гезити үчүн жазган макалада Түркиянын жана түрк улутунун АКШдан күтүүлөрүн ортого салды.

Макаласында Америка бийлигинин ушул убакка дейре ишке ашырган саясаттарынын Түркиянын көңүлүн калтырганын белгилеген Чавушоглу, жаңы мезгилде эң оболу шериктеш эки өлкөнүн ортосундагы кеңешүү жана эки тараптуу ишенимдин кайрадан камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу террор менен күрөшүүгө Түркия сыяктуу эч бир өлкөнүн күч жумшабаганын, өзгөчө ДЕАШ террор уюмуна каршы эң таасирдүү күрөшүүнү да ушул эле Түркиянын жүргүзгөнүн белгиледи.

Түрк-Америка карым-катнаштарынын олуттуу түрдө чыңалган процесстен өтүп жатканына көңүл бурган Мевлүт Чавушоглу, бул абалга акыркы мезгилде Ак үй башкаруучулугунун жасаган айрым ишке ашыруулары себепчи болгонун айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сирияда болуп жаткан трагедияларга карата АКШнын маселени чечүүнүн ордуна, аймакта жикчил террор уюму ПККнын эгизи ПЙД террор уюму менен иштешүүнү тандаганын баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Фетуллахчы террор уюму/ параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июль төңкөрүш аракети менен түрк улуту жана демократиясын бутага алган террор уюмунун мүчөлөрүнүн шериктеш өлкөдө баш калкалатылышынын кабыл алынгыс болгонун баса белгиледи.

Мевлүт Чавушоглу ФЕТӨнүн корбашчысы жана калган террористтердин жөнөтүлгөн бардык документ жана маалыматтарга карабастан дагы деле АКШда иштерин улантканына да токтоло кетти.



Тектеш кабарлар