Орусия Түркия менен карым - катнаштарын өнүктүрүүнү каалайт
Алексей Мешков карым – катнаштардын мурунку абалына кайтуу менен эле чектелип калбастан дагы да алдыга жылышын каалашкандарын да билдирди
650141
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Алексей Мешков Түркия менен кызматташтыктардын өнүктүрүлүп жаткандыгын белгилеп, карым – катнаштарды толугу менен мурунку абалына алып келип, өнүктүрүүнү ойлошкондорун айтты.
Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берген Мешков : «Түркия менен кызматташтыктарды өнүктүрүүдөбүз. Мунун эң негизги үлгүсү Сириядагы абалдар. Бирок экономика тармагы да болуу менен эки тараптуу карым – катнаштарда кыймылдуулук бар. Диалог улантылып жаткандыктан карым – катнаштарыбыз баскыч түрүндө мурунку абалына кайтып келет»,- деди.
Мешков карым – катнаштардын мурунку абалына кайтуу менен эле чектелип калбастан дагы да алдыга жылышын каалашкандарын да билдирди.