АКШ Түркия менен кайрадан иштешүүнү каалайт

Рекс Тиллерсон тышкы саясатка байланыштуу суроолорго жооп берди.

649719
АКШ Түркия менен кайрадан иштешүүнү каалайт

Президенттик кызматын 20-январда өткөрүп ала турган Дональд Трамптын мамлекеттик департаментине талапкери Рекс Тиллерсон: «Сирия маселесинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен кайрадан иштешүүбүз керек. Түркия биздин НАТОдогу шериктешибиз»,-деди.

Тиллерсон Трамп тарабынан талапкер көрсөтүлгөндөн кийин АКШ Сенатынын Тышкы иштер комитетинде сенаторлордун тышкы саясат боюнча суроолоруна жооп берди.

Сириядагы жарандык согуштан кийин Жакынкы Чыгышта АКШнын «лидерлиги аяктандыгы» жөнүндөгү суроого жооп берген Тиллерсон АКШнын аймакта кайрадан сөз ээси боло алуусу үчүн шериктештери жана достору менен кайрадан иштешүүсү керектигин айтты.

Сирияда Түркия, Орусия жана Ирандын саясаттарынын маанилүү орду болгонун белгилеген Тиллерсон буларды айтты: «Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен кайрадан иштешүүбүз керек. Түркия биздин НАТОдогу шериктешибиз. Аймакта АКШнын жоктугуна тынчсызданды жана багытын Орусияга бурду. Орусия туруктуу шериктеш эмес. Орусиянын туруктуу шериктеш эмес экендигин ачык түрдө көрсөтүүсү зарыл. Түркиянын шериктеши АКШ болуп саналат»,- деди.  

Сирияда террордук уюм ДЕАШка каршы күрөшүлүшү керектигин баса белгилеген Тиллерсон, Сириянын президенти Башар Асаддын кетиши керектигин да белгиледи.

Тиллерсон: «Асаддан кийин эмне болооруна чечим чыгарышыбыз керек»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар