Түркия күчтөнгөн өлкө болгону үчүн кол салууга дуушар болууда

Эрдоган Президенттик комплексинде райондук башкаруучуларды кабыл алды.

648222
Түркия күчтөнгөн өлкө болгону үчүн кол салууга дуушар болууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын ичкериден жана тышкарыдан абдан чоң кол салууга дуушар болгонун белгилеп, «Бул кол салуу күчсүз бир өлкө болгонубуздан келип чыккан жери жок. Күчтүү, күчтөнгөн өлкө болгонубуз үчүн бул кол салуулар болуп жатат»,-деди.

Эрдоган Президенттик комплексинде райондук башкаруучуларды кабыл алды.

Ийгиликтин биринчи шартынын өлкөнүн ичинде тынчтыкты, коопсуздукту жана өнүгүүнү камсыздоо болгонун баса белгилеген президент Эрдоган, террор уюмдарын кудум эле кезектешкен ыкма менен Түркияга теракт кылууга багыттагандардын болсо булардын болбоосун каалаганын билдиргенсип: «15-июль төңкөрүш аракетинен баштап бул багытта колдорундагы бардык материалдарды колдонушту, колдонуп жатышат. Түркиянын каршысында ысымдары ар башка максаттардан турган жана айткандары ар башка көрүнүп жатса да бир эле уюм бар. Биз булардын тобуна бир эле террор уюму дейбиз. Мүчөлөрүнө да террорист дейбиз. Бардыгы тең мамлекетибиздин, улутубуздун душмандары»,-деп айтты.

Террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүнү жакынкы убакка дейре алдыңкы тизмеге койгон өлкөлөрдүн учурда дээрлик бул уюмду карамагына ала турганчалык абалга келгенин таң калып караганын айткан Президент: «Аймактын тарыхы, дини, этникасы, маданий түзүлүшү эске алынбастан, толугу менен қагаз жүзүндө пландоолор менен жүргүзүлгөн долбоорлор, бир-бирден чыгып жатат. Түркия мына ушул баш аламандыктын ичинде өзү үчүн дагы туугандары үчүн дагы эң жакшысын кылуу аракетинде»,-деп айтты.

Негизги чечүүчү жолдун Сирия жана Ирактын тынчтыкка жетиши болгонун баса белгилеген Эрдоган, бул эки өлкөдө болуп жаткан ар бир окуянын Түркияга түздөн-түз таасир тийгизгенин белгилеп кетти.

Эрдоган аймактагы абалдарга түздөн-түз же кыйыр түрдө таасири болгон өлкөлөрдүн маанилүү бөлүгүнүн Сирия жана Ирак калкына тынчтык алып келүү деген сыяктуу дарттары жок экендигинин да белгилүү болгонун баса белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар