Түркия Ирактын Синжар аймагынын экинчи Кандил болушуна уруксат бербейт

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Ирактын Синжар аймагынын экинчи бир Кандил болушуна эч качан уруксат беришпей тургандарын билдирди

645856
Түркия Ирактын Синжар аймагынын экинчи Кандил болушуна уруксат бербейт

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Ирактын Синжар аймагынын экинчи бир Кандил болушуна эч качан уруксат беришпей тургандарын билдирди.

Ибрахим Калын менчик телекөрсөтүү каналындагы маегинде жикчил террордук уюм ПККнын Синжарда өзгөчө ДЕАШ менен күрөшүүнүн негизинде езидилерди шылтоолоп өздөрүнө жер пайда кылууга аракет кылышкандарын белгилеп : «Буга Ирак мекемелеринин уруксат бербеши керектигин айттык. Синжардын экинчи Кандил болушуна уруксат бербейбиз»,- деди.

Ибрахим Калын премьер – министр Бинали Йылдырымдын Ирак сапары тууралуу берилген суроого сапардын ишемби жана жекшемби күнү Багдат менен Эрбилди камтый тургандай түрдө пландалгандыгын билдирди.

Иракта акыркы 10 жылдан бери  улантылып келе жаткан хаоско басым жасаган Ибрахим Калын Кандил жана башка аймактардагы террордук уюмдашууларга каршы таасирдүү күрөшүү болбогондугун белгиледи.

Башика лагеринен улам Ирак менен келишпестиктин болгондугун эске салган Ибрахим Калын : «Биздин Башика лагерин ал жерге куруу максатыбыз да, процесс да, кимдер менен сүйлөшүү менен курулгандыгы да белгилүү. Бул маселени да камтый тургандай түрдө эки тараптуу карым – катнаштар, террор менен күрөш, жикчил террордук уюм, Ирактын ырааттуулугу, Мусул операциясынан кийин Мусулдун, Телафердин, Синжардын жана башка  жерлердин кайрадан курулушу үчүн бир топ темада сүйлөшүү үчүн урматтуу премьер – министрибиз бара жатат»,- деди.

Түркиянын күтүүлөрүнүн Багдат же Эрбил мекемелеринин дагы так, жыйынтык чыга турган чараларды көрүшү экендигин белгилеген Калын : «Себеби террордук уюмдун ал жердеги уюмдашуусун баары билет. Ушул күнгө чейин Ирак жерлеринен биздин өлкөбүзгө кол салуулардын жасалгандыгына карабастан Түркия жерлеринен Иракка карата эч кандай коркутуу жана кол салуу болгон эмес. Биздин буга уруксат берүүбүз мүмкүн эмес, сөзү да болбойт»,- деди.



Тектеш кабарлар