Кол салууда каза болгондордун өздүктөрү аныкталды

Террордук кол салууда каза болгон 39 кишиден 38нин өздүктөрү аныкталды.

641964
Кол салууда каза болгондордун өздүктөрү аныкталды

Стамбулдун Ортакөй районунда түнкү клубга болгон террордук кол салууда каза болгон 39 кишиден 38нин өздүктөрү аныкталды.

Адилет министрлигинин юстициялык медицина мекемесинде бири Ирак, 11 Түркия, 1и Түркия жана Белгия жараны болгон 13 кишинин сөөгү, аутопсия жана өздүк белгилөө иштери аяктагандан кийин үй-бүлөлөрүнө тапшырылды.

Өздүгү белгиленген 25 чет элдиктин сөөгү үй-бүлөлөлөрү Түркияга келгенден кийин бүгүн тапшырылат.

Чет элдиктердин Сауд Арабия, Ливан, Тунис, Индия, Марокко, Иордания, Ирак, Кувейт, Канада, Израиль, Сирия жана Орусия Федерациясынын атуулдары экендиги аныкталды.

Кол салууда каза болгон бир кишинин өздүгүн аныктоо иши уланууда.



Тектеш кабарлар