Эрдоган: «Мындай түрдөгү оюндарга жол бербейбиз»

Президент Эрдоган, Стамбулдагы Оратакөй районунда түнкү клубда болгон жана 39 киши каза болгон террордук кол салуу тууралуу маалымат берип, кол салууну айыптады.

642174
Эрдоган:  «Мындай түрдөгү оюндарга жол бербейбиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдагы террордук кол салуу тууралуу: «Мындай түрдөгү оюндарга жол бербейбиз»,-деди.

Президент Эрдоган, Стамбулдагы Оратакөй районунда түнкү клубда болгон жана 39 киши каза болгон террордук кол салуу тууралуу маалымат берип, кол салууну айыптады.

Эрдоган: «Улутубуздун тынчтыгын бузгусу келгендер жана алардын кошоматчылары, жарандарды да бутага алган мыкаачылык кол салуулар менен өлкөбүздү ыраатсыздаштырууга, элибиздин көңүлүн чөгөрүп баш аламандык кылууга аракет кылып жатышат. Бирок биз улут катары токтоолуугубузду коргоп, бири-бирибиз менен дагы бекем кол кармашып ушундай түрдөгү оюндарга эч качан жол бербейбиз»,-деп айтты.

Ар башка террор уюмдары Түркияны бутага алган ушундай кол салуулардын, аймакта болуп жаткан жагдайлардан көз карандысыз болбогонун билгендерин айткан Президент, Түркияга карай коркутууларды жана кол салууларды, булагында жок кылуу темасында чечиндүү экендиктерин баса белгиледи.

Эрдоган террор менен күрөшүүсүн улантып жаткан Түркиянын, атуулдарынын коопсуздугун жана ынтымагын камсыздаш үчүн аймакта эмне керек болсо жасоо боюнча абдан чечкиндүү болгонун билдирди.

Эрдоган: «Өлкө жана улут катары, террор уюмдарынын жана алардын аркаларындагы күчтөрдүн жалгыз эле куралдуу кол салууларына эмес, алардын экономикалык, саясий, социалдык кол салууларына каршы да акырына чейин күрөшөбүз. Стамбулдагы мыкаачылык кол салуу, террордун айырмачылык кылбастан кан төгүүнү, жан алууну, жанды кыйноону максаттаганын ачык көрсөттү»,-деди.



Тектеш кабарлар