Брюсселдеги НАТО байрактары жарым түшүрүлдү

Байрактар 2 күн жарым түшүрүлүү боюнча турат

642369
Брюсселдеги НАТО байрактары жарым түшүрүлдү

Стамбулда 39 киши каза болгон террордук кол салууга Түндүк Атлантика союздаштыгы да каршы чыкты.

Брюсселдеги НАТО штабынын алдындагы байрактар жарым түшүрүлдү. Байрактарды жарымга түшүрүүнү НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг сунуш кылды.

Столтенбергдин сунушун союздаштыктын башка мүчөлөрү да колдоду. Байрактар 2 күн жарым түшүрүлүү боюнча турат.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг кол салууга каршы экендигин социалдык медиадан жарыялап : «Стамбул жаңы жылга трагедиялуу окуя менен кирди, капалуумун»,- деди.



Тектеш кабарлар