Стамбулдагы кол салууда 39 киши каза тапты

Cтамбулдун Ортакөй районунда түнкү клубда куралдуу кол салуу болуп бири полициядан турган 39 киши каза тапты.

641900
Стамбулдагы кол салууда 39 киши каза тапты

Cтамбулдун Ортакөй районунда түнкү клубда куралдуу кол салуу болуп бири полициядан турган 39 киши каза тапты, 65 киши жаракат алды.

Кол салууну Аяз ата кийимин кийип алган бир кишинин кылганы белгиленип жатат.

Шектүүнүн кол салгандан кийин кийимин алмаштырып калың элдин арасына кире качканы божомолдонууда.

Стамбулдун губернатору Васип Шахин кол салуу тууралуу жарыясында бир террористтин алыс аралыкка атуучу курал менен эң биринчи каалгада күзөт кылган полицияны жана бир жаранды шейит кылганын жана андан кийин ичкери кирип аесуз түрдө, мыкаачылык менен ал жерге жаңы жылды тоскону келген карапайым адамдардын үстүнө ок жаадырганын айтты.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да кол салууну кылган террористти кармоо үчүн операциялар жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Каза болгондордон 20 чактысынын өздүктөрү такталганын, булардан 15нин чет элдик болгонун айткан Сойлу, өздүктөрдү аныктоо иштери уланып жатканын белгиледи.

Саламаттык сактоо министри Режеп Акдаг да, ички иштер министри менен бирге жаралууларды ооруканага барып көрүп, ооруканада дарыланып жаткан 65 жаралуудан төртөөнүн абалы оор экенин билдирди.

Акдаг, жаралуулардын арасында көп сандаган чет элдиктер да бар экенин айтты.

Үй-бүлө жана социалдык саясаттар министри Фатма Бетүл Саян Кая болсо жаралуулардын арасында көпчүлүгү Түркияга бирканча ирет келген, Түркияны билген, тааныган чет өлкөлүктөр болгонун белгилеп кетти.

Кая: «Сауд арабиялык, марокколук, ливандык, ливиялык жана ар башка улуттардан атуулдар бар»,-деп айтты.

Израилдин тышкы иштер министрлигинин жарыясында кол салууда каза болгондордун арасында 19 жаштагы израилдик айым Лиан Нассер да орун алганын белгилеген.

Президент Режеп Таййип Эрдоган да террордук кол салуудан кийин тийиштүү органдардан маалымат алды.

Эрдоган, премьер-министр Бинали Йылдырым, Стамбулдун губернатору Васип Шахин жана Стамбулдун Республикалык башкы прокурору Ирфан Фидан менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Окуяга катуу капа болгонун айткан президент Эрдоган, окуяны кылдат байкап, жан жоготуусу жана жаралуулардын абалдары туурасында да маалымат алды.

 



Тектеш кабарлар