Халептен Хатайга келген жаралуулар
Жаралуулардан 18 киши бардык кийлигишүүлөргө карабастан каза болду
Сирияда Башар Асад режими жана режимдин жактоочусу террордук топтордун курчоосу астындагы Халептин чыгышынан эвакуациялангандардын арасындагы оор жаралуу 199 жаран Хатайга алып келинди.
Премьер – министрликтин басма сөз жана информациянын баш директорлугунан алынган маалыматка караганда Халептин батышында түзүлгөн коопсуз аймакка чыгарылгандан кийин Идлибге алып барылган жаралуулардан абалы оор болгондор Түркияга жиберилүүдө.
Эвакуациялардын башталышынан кийин Жилвегөзү чек ара капкасында күттүрүлүп жаткан тез жардамдардан алынып ооруканаларга жаткырылган жаралуу саны 199га жетти.
Түркияга келген жаралуулардын 80 кишинин бала экендиги белгиленди. Жаралуулардан 81 киши Хатай тышындагы ооруканаларга жиберилди, дарылануусу бүткөн 28 киши да ооруканадан чыгарылды.
Жаралуулардан 18 киши бардык кийлигишүүлөргө карабастан каза болду.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.