Орус элчиге кол салуу боюнча он үч киши камоого алынды

Куралдуу  кол салууда каза болгон Орусиянын Анкара элчиси Андрей Карловдун  сөөгү Москвага алып барылды

634787
Орус элчиге кол салуу боюнча он үч киши камоого алынды
gözaltı.jpg

 

Анкара Эсенбога аэропортунда өткөрүлгөн мамлекеттик салтанат менен Москвага узатылган Карловдун сөөгүн ташыган учакты Сирия сүйлөшүүлөрү үчүн Москвага барган тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Внуково аэропортунда тосуп алды.

Чавушоглу бул жерде Карловдун жубайы жана энесине көңүл айтты. Эсенбога аэропортунда өткөрүлгөн мамлекеттик салтанатка вице – премьер Тугрул Түркеш менен ички иштер министри Сүлейман Сойлу, тышкы иштер министрлигинин атынан тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү, Карловдун жубайы менен уулу катышты. Карловдун сөөгү аскердик бөлүктөрдүн коштоосунда учакка алып барылды. Карловдун жаназа зыйнаты жума күнү Москвада өткөрүлөт.

Бир тараптан Орусиянын Анкара элчиси Карлов кол салуусу тууралуу Измирде алты киши камоого алынды. Булардын бирөөсүнүн Карловго кол салган Мевлют Мерт Алтынташ окуган Измирдеги Рүштү Үнсал полициялык жогорку окуу жайында фетуллахчы террордук уюмдун мүчөсү полиция талапкерлерине «байке» болгонудугу белгиленди.

Алтынташтын Айдын облусунун Сөке раойнунда жашаган атасы, энеси, карындашы менен эки таякеси жана жеңеси да камоого алынды. Териштирүүнүн негизинде башка бир камоо Анкарада болду. Алтынташ менен бир үйдө жашаган жана Ыкчам Кыймыл Күчүнүн полициясы экендиги белгиленген бир киши да камоого алынды. Ушундайча камоого алынгандардын саны он үчкө жетти.

Орусиянын Анкара элчиси Андрей Карлов дүйшөмбү күнү кечинде Анкарада катышкан бир көргөзмөдө учураган куралдуу кол салууда каза болду.



Тектеш кабарлар