Президент Эрдоган: "Элчи Карлов каза болгон кол салууну жек көрүү менен айыптаймын"

Эрдоган: "Бул кол салуу Түркия-Орусия карым-катнаштарын бузууга карай чагымчылык"

633816
Президент Эрдоган: "Элчи Карлов каза болгон кол салууну жек көрүү менен айыптаймын"

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын элчиси Андрей Карлов каза болгон кол салууну жек көрүү менен айыптаганын белгилеп: «Бул окуя Түркия-Орусия карым-катнаштарын бузууга карай ачык чагымчылык»,-деди.

Президент Эрдоган, Карлов каза болгондон кийин Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүсүндө алар сөөктү өз мүмкүнчүлүктөрү менен алып кете тургандарын айтканын бөлүштү.

Бул кыймылдын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Москвада шейшемби күнү боло турган жана Сирияда, өзгөчө Халебде жетишилген келишим туралуу сүйлөшүлөөрдүн дароо алдында болгонуна көңүл бурган президент, кол салууну иликтөө үчүн Орусия менен бириккен комиссия түзүлө турганын жарыялады.

Президент түз эфирдеги кайрылуусун орус жана түрк калктарына көңүл айтуу менен аяктады.



Тектеш кабарлар