Орусиянын Түркиядагы элчиси каза болду
Карловдун өлүм кабарын Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова жарыялады.
Орусиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карлов, бүгүн кечинде дуушар болгон куралдуу кол салуудан кийин жаткырылган ооруканада көз жумду.
Карловдун өлүм кабарын Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова жарыялады.
Захарова, Орусиянын тышкы иштер министрлигинин конок үйүндө орусиялык журналисттерге берген маалыматында окуяны «террор кол салуусу» катары мүнөздөп, «Терроризм менен күрөшүүнү улантабыз»,-деди.
Захарова кылмышкерлердин тийиштүү жазага тартылышы керектигин айтты.
Түрк тышкы иштер министрлиги: «Элчи Карловдон мыкаачылык кол салуу болуп ажырап калдык».
Коргоо министри Фикри Ышык: «Чыккынчылык кол салуунун аракасында тургандар белгиленет»,-деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.