Сириянын Халеб шаарында болуп жаткандарга тез арада бөгөт коюлсун

Нуман Куртулмуш «Аль-Жазира» араб тилиндеги каналынын түз эфиринде Халебдеги адамзат трагедиясына байланыштуу суроолорго жооп берди.

630910
Сириянын Халеб шаарында болуп жаткандарга тез арада бөгөт коюлсун

Вице-премьер Нуман Куртулмуш, Сириянын Халеб (Алеппо) аймагында болуп жаткандарга тез арада бөгөт коюлушу керектигин айтты.

Нуман Куртулмуш «Аль-Жазира» араб тилиндеги каналынын түз эфиринде Халебдеги адамзат трагедиясына байланыштуу суроолорго жооп берди.

Сириянын режим күчтөрү баштаган аймактагы айрым куралдуу күчтөрдүн, Халебдин чыгышындагы жарандардын чыгарылышына тоскоол болгонун айткан Куртулмуш, мунун Сириянын жалпысында секталык кагылышуунун башталышы боло ала турганы боюнча эскертти.

Куртулмуш: «Тилекке каршы Хадебде адамзаттык өлүүдө. Халебде өлгөн жалгыз эле Халебдик туугандарыбыз эмес, бүтүндөй адамзат ал жерде өлүүдө. Эл аралык жамаат абдан жаман сыноодон өтүүдө. Эми бул карап туруп болооору болду дей турган маселе эмес»,-деп айтты.

Халебдеги абалдарга тез арада бөгөт коюлушу керектигин белгилеген Куртулмуш, ок атуулардын токтотулушу, режим күчтөрү менен айрым куралчан күчтөрдүн да жетишиле турган келишимге баш ийишинин камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

«Өкүлдүк согуштарында бул куралчан топторду малай катары колдонгон өлкөлөр, Сирия аркылуу аймакта күч тирешүүсүн кылуудан баш тартышсын»,-деп айткан Куртулмуш: «Бардык азапты Сирия калкы тартып жатат. Бул процессте эң аз 600 миң сириялык бейкүнөө адам каза болду. Ошол кооз шаарлар, бейкутчул шаарлар жок болду. Сирияда адамзаттык өлүүдө. Ушул жерден эл аралык жамаатка бул чакырыкты салгым келет. Сирияда бул адамзат трагедиясы, бул согуш уланган сайын дүйнө жүзү глобалдык көчтөн да, глобалдык террор коркунучунан да кутула албайт», деген серебин салды.



Тектеш кабарлар