Ибрахим Калындын макаласы 2-бөлүм

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын макаласы

629008
Ибрахим Калындын макаласы 2-бөлүм

«Асабиййе» деген кандайдыр бир топту бири-бирине туташтырып турган кармагыч. Топко тышкы кол салуучулардан коргонуу үчүн керектүү күчтү жана жөндөмдүүлүктү берип, өз араларында тынчтык жана тартипти түзүүлөрүн камсыздайт. Аларды «умран» б.а. цивилизация курууга даярдайт. Бирок бул абал ошол эле учурда чоң Халдуниен дилеммесына туш кылган жер болуп саналат; асабиййе менен бири-бирине туташкан жана күчтөнгөн көптөгөн адам шаардык жашоого өткөндө жана цивилизацияга ээ болгондо коомдук бүтүндүктөрүн жана колдошуу сезимдерин жоготушат. Адамдар урбанизация алып келген цивилизациялык турмуштун ыңгайлуулуктары жана пайдаларынын даамын ала баштаганда, «карапайым мүнөздөрүн» жана согушкер өзгөчөлүктөрүн сактагандардын чабуулуна каршы өздөрүн коргоодо кайдыгер, жалкоо жана «өтө эле жетилген» абалга айланышат. Башкалары тарабынан туткунга алынуулары заматта эле болчу иш.

Халдуниен парадигмада цивилизациянын бедели коомдук бүтүндүктүн, тилектештиктин жана негизги өзгөчөлүктөрдүн жок болушу. Асабиййесин жоготкондор «асалах» б.а кадыр-барктарын да жоготушат. Бул абал кайталанган темага айланат: уруулардын, улуттардын, мамлекеттердин жана империялардын негизинде жогорулаган жана төмөндөгөн коомдук цикл. Ибн Халдун ушундай циклдин өмүрүнө орто эсеп менен төрт муун б.а жүз жылдан бираз көп убакыт туура келээрин белгилеген. Айрыкча коомдук бүтүндүктүн эң негизги таянычынын туугандык экенине ишенген. Анын ою боюнча адамдарды бири- бирине байланыштырган мындан дагы да күчтүү жана ишке ашырыла алган мындай байланыш жок. Эч ким күчтүү туугандык байланыштары болгондорго кол салууга батына албайт. Бирок шаарда жашап жана шаардык маданияттуу адам боло баштаганда адамдар туугандык сезимдерин жоготушат. Ибн Халдун бул бүдөмүктөн, дилеммадан чыгуунун жолун көрө албайт: асабиййе аркылуу бийликке, шаар жашоосуна жана маданиятка ээ болосуң; бирок отурукташуу жана цивилизациялуу жашоонун пайдаларын биле баштаганда бүтүндүгүң жоголот.

Бул Халдуниен теориясы уруу сыяктуу кичинекей топтор сөз болгондо маанилүү, бирок дагы да кеңири коомдук биримдик жана кандайча узак өмүрлүү мамлекеттер жана империяларды кургандарын аныктоого жетишсиз. Ошондой эле Ибн Халдундун бул теориясы учурдагы заманбап дүйнөнүн баш аламандыгы тарабынан да сыналууда. Анда мындай абалда эмне кылабыз? Анын теориясын  ашыгы менен микро-өлчөмдүү, уруучул жана убактысы туура эмес деп четке кагабызбы?

Жообу андай эмес. Жасашыбыз керек болгон нерсе, бир тараптан анын туугандык жана уруулар байланыштарына таянган коомдук бүтүндүк жана колдошуу түшүнүгүн маселеге айландырып жатып, экинчи тараптан бүтүндүк, урбанизация жана цивилизацияга байланыштуу негизги маселелерди түшүнүү үчүн анын анализдерин дагы да кеңири түрдө кайрадан карап чыгуу жана кеңейтүү керек. Бул, өзгөчө коомдук бүтүндүк жана цивилизациялык биримдик кемчилигинен жапа чеккен учурдагы мусулман дүйнөсү үчүн милдет болуп саналат.  Ийгиликсиз жана күчсүз мамлекеттер, мамлекеттен тышкары актерлор, уруучулдук, агымчылык, этникалык улутчулдук жана көп сандаган башка маселелер мусулман коомчулуктарды, кол салгандарга каршы коргой турган жана өз интеллектуалдык жана материалдык булаткарын маданият жана цивилизация үчүн аткара турган кандайдыр бир «туташтыргычтан» кем калтырууда.

Бир эле топтун мүчөлөрү же бир улуттун мүчөлөрү кыйратуучу түрдө бири-бирине сыртын сала баштаганда күчтөрүн жоготушат б.а. турмуштун бардык катмарында чабалдык кылып кетенчиктеп калышат.

Учурдагы жаман абал эске алынса мусулман коомчулуктар үчүн Ибн-и Халдундун чыгармаларын окуунун так эле убагы.

Коомдук бүтүндүктү ошондой эле шаардык маданиятты улантуу ар кимдин милдети болушу мүмкүн. Бирок заманбап тынчсызданууларыбыздын көбүн ашып өтүш үчүн бул чакырыкты эске алууга аргасызбыз.

 



Тектеш кабарлар