Германияга берилген террорго тиешелүү доолордун натыйжаланышын күтүүдөбүз

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ЕККУнун министрлер кеңешинин жыйналышынын алдында Германиянын Гамбург шаарында Түрк жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолукту.

625990
Германияга берилген террорго тиешелүү доолордун натыйжаланышын күтүүдөбүз

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Германия менен карым-катнаштардын дагы да жакшы болушу керектигин белгилеп, «Биздин Германия менен жекече маселебиз жок, бирок көргөн жаңылыштыктарды айтуудабыз»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) министрлер кеңешинин жыйналышынын алдында Германиянын Гамбург шаарында Түрк жарандык коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолукту.

Германияда болуп жаткан террордук иш-чаралардан жана террористтердин ал жакта жашоосунан тынчсыздангандарын айткан Чавушоглу, Германиядагы жикчил террор уюму ПКК, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ жана солчул террор уюму ДНКП-Жга тиешелүү 4500 доо жана териштирүүнүн тез арада натыйжаланышын каалагандарын айтты.

Чавушоглу: «Жеке мен кабатырлануудамын. 2-Дүйнөлүк согуштан мурдагы көрүнүштөр көрүнө баштады. Абдан коркунучтуу. Саясатчылар популизм кылып жатышат. Францияда Мануэль Вальс Президенттикке талапкер болуш үчүн премьер-министрлик кызматынан кетти. Социал демократ Вальс эмне үчүн талапкер болгонун маалымат жыйын өткөрүп жарыялады. Вальс Францияны дагы жакшы жерге жеткирем, дагы да күчтөндүрөм деген сөздөрдүн ордуна Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы, АКШда президент болуп шайланган Дональд Трампка жана Түркияда Режеп Таййип Эрдоганга каршы талапкер болгонун айтууда. Вальс бул сөздөрү менен башынан жеңилген талапкер болду. Ушундай жол менен талапкерлигин жарыялаган бир кишиден Европа, Европа элдери жана Франция эч нерсени күтпөшү керек. Мындай көз караш болбойт. Эч кимдин талапкерлигине каршы эмеспиз. Ички саясатына кийлигишпейбиз, бирок ушул чанжырактыкка да токтоло кетүүгө аргасызбыз»,-деп айтты.

Түркиянын бир топ демилгеде тең төрагалык кылганын чагылдырган Чавушоглу, Түркия Европанын экономикасына, тышкы саясатына жана коопсуздугуна абдан маанилүү салымдарды кошо турганын баса белгиледи.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Түркия катары эки тараптуу карым-катнаштарды, аймактык кызматташтыктарды күчтөндүрүүгө аракет кылгандарын да кошумчалады.



Тектеш кабарлар