Израилдин Түркия элчиси дайындалды

Түркиянын Тель Авив элчиси болуп дайындалган Кемал Өкем кызматын 12 -  декабрда баштайт

622585
Израилдин Түркия элчиси дайындалды

 

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Түркия – Израиль карым – катнаштарынын нормалдашуусунан кийин элчиликтерди ачуу процесси аяктап баратат.

Израилдин Анкара элчилигине дйындалган Эйтан Наехтин кечээ Анкарага келишинен кийин элчи Кемал Өкем да 12 – декабрда Тель Авивде кызматын баштайт. Өкем 12 -  декабрда президент Ривлинге ишеним катын сунуштоо менен кызматын расмий түрдө баштайт.

Израилдин Анкарадагы элчиси Наех Эсенбога аэропортунан чыгышында басма сөз кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип, Түркияда элчилык кызматын аткаруудан ыраазы экендигин билдирип, расмий түрдө кызматын баштай турган күндү чыдамсыздык менен күткөндүгүн айтты.

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Израилде өкүлчүлүк деңгээлин элчиликке жогорулаткандыгын : «Урматтуу премьер – министрибиздин тышкы иштер боюнча кеңешичис Кемал Өкем мырзаны биз да Израилге элчи катары дайындадык. Алар да элчиликтерин дайындашты»,- деп билдирген.



Тектеш кабарлар