ФЕТӨ Түркия эле эмес бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурууда

Кудрет Бүлбүл Германиянын борбору Берлинде түрк бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

619047
ФЕТӨ Түркия эле эмес бүткүл дүйнөгө коркунуч туудурууда

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын төрагасы Кудрет Бүлбүл, Фетуллахчы террор уюмунун жалгыз гана Түркия үчүн эмес, бүткүл дүйнө үчүн да коркунуч болгонун айтты.

Кудрет Бүлбүл Германиянын борбору Берлинде түрк бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Террордук уюм ФЕТӨнүн өзүн билгизбей тымызын жүргөн коркунуч экенин жана бул боюнча бардык кесиптештерин эскертип жаткандарын баса белгилеген Бүлбүл: «Бардык өлкөлөр, эл аралык мекемелер жана уюмдар менен ушул тажрыйбабызды бөлүшүп жатабыз. Бул тажрыйбаларыбыз алар үчүн бир нерсени билдиришин, алардын кайгы-муңду башынан өткөрбөстөн алдын алууларын каалайбыз. Албетте бул эскертүүнү эске алуу же албоо алардын тандоосу»,- деди.

Европада акыркы жылдарда күчөгөн расисттик жана улутчулдук көрүнүштөрүн да сындаган Бүлбүл, Европа өлкөлөрүнүн ичинде айрымдары үчүн акыркы мезгилде чет өлкөлүктөргө карай күчөгөн кол салуулардын кадимкидей эле көрүнүшкө айланганын айтты.

Европанын өз келечегине карата багыт издеп жатканын баса белгилеген Бүлбүл, барган сайын түнт болгон, тарыган, коркууларга багынган Европа бетмет-бет келген бул маселенин түрктөр, мусулмандар, баш калкалоочулар аркылуу чагылдырылганын айтты. Негизи маселенин өтө терең экенин белгилеген Кудрет Бүлбүл, буга каршы алдын алуу чаралары көрүлбөсө Европанын келечегинин дагы да караңгы болоорун сөз кылды.

Европа Парламентинин 24-ноябрда Түркиянын Европа Биримдиги менен жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн убактылуу токтотулушун сунуштаган жана юридикалык күчү болбогон чечимин кабыл алышына байланыштуу да, Түркияны сындоонун ордуна Европанын өз тагдырын ойлошу керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар