Азия Парламентарлар Ассамблеясынын кезектешкен төрагасы Түркия
Азия Парламентарлар Ассамблеясынын тогузунчу жалпы кеңешинин жыйыны Камбожанын Сием шаарында башталды
Түркия Азияда дагы активдүү бир саясат жүргүзүүгө даярданууда. Азия парламентарлар ассамблеясынын жаңы мезгилдеги төрагасы Түркия болду.
Азия Парламентарлар Ассамблеясынын тогузунчу жалпы кеңешинин жыйыны Камбожанын Сием шаарында башталды.
Индия, Сауд Аравия, Кытай, Орусия, Иран сыяктуу 41 өлкө мүчө болгон Азия Парламентарлар Ассамблеясынын бул жылкы темасы тынчтык жана туруктуу өнүгүү болду.
Жыйынга Түркиянын атынан Улуттук Парламентинин аткаруучу төрагасы Ахмет Айдындын жетекчилигиндеги делегация катышууда. 150дөн ашуун делегация катышкан ассамблеянын жыйындары 5 күнгө созулат.
Түркия кезектешкен төрагалык кызматы менен Азияда тынчтыкка салымын кошот. 2 жылга созула турган кезектешкен төрагалыгында Түркия Азия Парламентарлар Ассамблеясынын 2 жыйынын өткөрөт.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.