Эрдоган - Путин сүйлөшүүсү

Эки лидер эки тараптуу карым – катнаштар менен Сирия жана аймактагы маселелерди сүйлөшүштү

618063
Эрдоган - Путин сүйлөшүүсү

Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путин телефон аркылуу эки тараптуу карым – катнаштар менен Сирия жана аймактагы маселелерди сүйлөшүштү.

24 -  августта Сириянын түндүгүн террордон тазалоо үчүн Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылынын негизинде Ел Баб аймагында жүргүзүлгөн операцияда түрк аскерлерин бутага алган кол салуу тууралуу көз караштарын билдирген Эрдоган менен Путин Халептеги адамзаттык кризисти чечүү аракеттерин ылдамдатуу тууралуу макулдашышты. Президент Эрдоган Сириянын жеринин бүтүндүгүн колдошкондорун да белгиледи.

 Сүйлөшүүдө лидерлер Түркия – Орусия карым катнаштарынын калыптануу процессине колдоодогу чечкиндүүлүктөрүн билдиришти.

Карым – катнаштарды дагы да күчтөндүрүүнүн маанисин баса белгилеген эки лидер ушунун алкагында премьер – министр Бинали Йылдырымдын 6 -  декабрда Москвага жасай турган сапарына жана 2017 -  жылдын биринчи жарымында өткөрүлө турган Түркия – Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйыны ҮДИКке да токтолушту.



Тектеш кабарлар