ПККлыктар тууралуу кармоо чечими
Чечим жалпы 48 террористти камтууда
615525
Жикчил террордук уюм ПКК менен Сириядагы уландысы ПЙДнин башчылары тууралуу кармоо чечими чыгарылды. Борбор шаар Анкарада 17 - февралда аскердик унааларын бутага алган жана 37 киши каза болгон кол салуу тууралуу териштирүүнүн негизинде чыккан чечим кандуу уюмдун лидери Жемил Байык, Мурат Карайылан жана Фехман Хүсейинди да камтууда. Кармоо чечими чыккан ысымдардын арасында жикчил террордук уюмдун Европадагы башчыларынан Зүбейир Айдар жана Ремзи Картал жана ПЙД лидери Салих Муслим да бар. Чечим жалпы 48 террористти камтууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.